Кытай продукциялары жарманкеси Стамбулда ачылды

12 миң метрк квадраттык аянтта өткөрүлгөн жарманкеде 200гө жакын кытайлык фирма стенд ачты.

1206980
Кытай продукциялары жарманкеси Стамбулда ачылды

Кытайлык өндүрүшчүлөр менен түрк алуучуларды жолугуштурган Кытай продукциялары жарманкеси Стамбулда алтынчы жолу каалгаларын ачты.

Евразия аймагында соода карым  - катнаштарынын өнүктүрүлүшүндө маанилүү соода платформаларынын бири катары каралган Кытай продукцияларынын жарманкеси Ханчжоу вице  -мэри Ху Вэй, Стамбул губернаторунун орун басары Исмаил Гүлтекин, тышкы экономикалык карым  - катнаштар кеңешинин Түркия  - Кытай Иш Кеңешинин төрагасы Мурат Колбашы, ишкерлер жана келген коноктордун катышуусу менен Стамбул Жарманке Борборунда ачылды.

12 миң метр квадраттык аянтта өткөрүлгөн жарманкеде 200гө жакын кытайлык фирма стенд ачты.

Түрк  стандарттарына ылайык бардык текшерүүлөрдөн өткөн текстиль, даяр кийим жана аксесуарлар, үй текстили, курулуш материалдары, үй эмеректери, электрдүү үй буюдары, белектик буюмдар, тамак  - аш, логистикалык, жарыктандыруучу буюмдар башта болгон 50 миңден ашуун продукция жарманкеге чыгарылды.

25 -  майга чейин ачык боло турган жарманкеде Анадолудан жана Евразия аймактарынан 2 миң 500 VIP алуу делегациясы тосуп алынат, өзгөчө 650дөн ашуун эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар