Түркия - Татарстан иш форуму

Рүстем Минниханов Орусияда 20 миллион мусулмандын жашагандыгын белгилеп, адал продукция чыгаруу тууралуу Түркия менен иштешерин айтты.

1202680
Түркия  - Татарстан иш форуму

Орусия федерациясына караштуу Татарстан автоном республикасынын президенти Рүстем Минниханов Орусияда 20 миллион мусулмандын жашагандыгын белгилеп, адал продукция чыгаруу тууралуу Түркия менен иштешерин айтты.

Минниханов Стамбулда Тышкы экономикалык карым  - катнаштар кеңеши өткөргөн Түркия  - Татарстан иш форумунда сүйлөгөн сөзүндө форумдун негизинде жаңы долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу келишимдердин түзүлөрүнө ишенгендигин айтты.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылышы үчүн форумда жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин айткан Минниханов Түркия менен Татарстандын арасында кызматташуу келишимдеринин бар экендигин айтты.

Минниханов Казан жана Стамбулдун арасындагы учак каттамдарынын жумада 6 жолу ишке ашырылышынын маанилүү экендигин, жакында күн сайын болорун айтып : «Түркия өлкөбүз үчүн маанилүү өнөктөштөрүбүздүн бири. Максаттарыбыз дагы да чоң соода көлөмүнө жетүү. Түркиядан биздин өлкөбүзгө 2 миллиард доллардан дагы көп инвестиция салынды. Иш дүйнөсүнө жана Түркия өкмөтүнө ыракмат айтым»,- деди. Минниханов эл аралык өнөр жай аймагын курууну каалашкандарын да белгилеп : «Бул тууралуу дагы көп иштөөбүз керек. Түркиянын тажрыйбасынан пайдалануу менен бул өнөр жай аймагы курула алат деп ойлойм,- деди.

Минниханов туризм, нефть иштетүү, нефтехимия, кеме, учак, тик учар, жаратылыш газ өткөрүү, каусук, электрондук жана медициналык аппараттар менен дыйканчылык тармагында иш алып барылгандыгын белгиледи.

Андан кийин эки өлкөнүн арасында кызматташуу келишимдерине кол коюлду.



Тектеш кабарлар