Эрдоган Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү
Эрдоган Стамбулда Бирлик фондунун ооз алуу программасында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Австрияда 2 жыл өткөн соң жоюлган президенттик шайлоого үн катпаган Батыш өлкөлөрүнүн Стамбулдагы муниципалдык шайлоону жаңылоо чечимин чыгарган Жогорку шайлоо кеңешинин чечимин сындаганына кош стандарттуулук деген серебин салды.
Эрдоган Стамбулда Бирлик фондунун борборунда 39-өткөрүлгөн салттык Бирлик фондунун ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.
Эрдоган сөзүндө Стамбул шаарынын башчысын шайлоонун Жогорку шайлоо кеңеши тарабынан 23-июнда жаңылануусу боюнча чечимин сындаган Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү.
Эрдоган: "Австрияда эки жыл өткөн соң шайлоо жоюлду. Буга үн каткан эч ким болгон жок. Ал эми Стамбулдагы шайлоого байланыштуу кайрылуубуз дагы бирөөлөрдүн тынчын алып жатыптыр. Биз улуттук эркибиздин укугу үчүн күрөш жүргүзүүдөбүз"-деп айтты.
Батыш өлкөлөрүнүн Жогорку шайлоо кеңешинин чечими аркылуу Түркияны бутага алып, элдин 17 жылда ээ болгон кирешелерин жоюп, Түрк демократиясынын астын оюуга аракет кылып жаткандарына токтолгон Эрдоган: "Булардын 31-март шайлоосундагы уюшкан усулсуздуктарды көрмөксөнгө салууларынын, тактап айтканда үкөктөгү коррупцияны көрмөксөнгө салууларынын себеби ушул. Анкени чынчыл болгон чындыкты буза албайт, аны көрүүгө, түшүнүүгө аракет кылат. Булар өлкөбүздү карашканда чындыкты эмес, бир гана жаман ойлорун көрүшүүдө. Аң-сезимдериндеги эски Түркия менен чыныгы Түркиянын ортосундагы айырманы кабыл алгысы келбей жатат. Өлкөбүздүн акыркы 17 жылдагы өзгөрүүсүн көрүүгө жакындабай жатышат. Алардын маңдайында эми даяр туруп күткөн Түркия болбогонун, бул өлкөгө буйрук бере албай турганын кабыл ала албай жатышат. Бирок алар кабыл алышса дагы, алышпаса дагы Түркия көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык жана укутун үстөмдүгүнө ищенген өлкө болуп саналат"-деди.
Президент Эрдоган, Түркия эч кимдин колониясы болбогонун баса белгилеп, «Жерлеринде козголоңчу мыкаачыларды баш калкалаткандар бизге укук сабагын бере албайт. Шайлоо менен кызматка келген Венесуэланын президентин кулатууга аракет кылгандар, бизге демократиядан сөз кыла албайт. Израиль терроруна үн катпай калгандар, Шайлоо мыйзамынын алкагында жүргүзгөн укук күрөшүнө сөз сүйлөй албайт. Алланын уруксаты менен улутубуз бул кыстоолорго, бул коркутуу тилине моюн сунбайт. Түрк улуту кандай 2016-жылы 15-июлда (Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨнүн) төңкөрүш аракетине) керек болсо жанын аябай эркин коргосо, 23-апрелде дагы эркин эрки менен тандоосун жасайт»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.