Түркиядагы чөккөн кеме ЮНЕСКОдо таанытылды
Түркиядагы дүйнөнүн эң эски кеме чөгүнтүсү ЮНЕСКОнун Франциянын борбор шаары Париждеги борборунда өткөрүлгөн конференцияда таанытылды.
Түркиядагы дүйнөнүн эң эски кеме чөгүнтүсү ЮНЕСКОнун Франциянын борбор шаары Париждеги борборунда өткөрүлгөн конференцияда таанытылды.
ЮНЕСКОдогу Түркиянын туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Алтай Женгизер тарабынан өткөрүлгөн конференцияга көп сандаган чет элдик конок да катышты.
3 миң 600 жылдык чөккөн кеме тууралуу фотографиялар менен кенен маалымат берилди.
ЮНЕСКО суу түбүндөгү мурасты коргоого алуу боюнча жооптуусу Улкире Гуерин программадан кийин берген маалыматта Түркияда дүйнөнүн эң эски кеменин чөгүнтүсүнүн табылышынын «толкундантуучу» экендигин белгиледи.
Программада бул кеме чөгүнтүсүн тааныткан бир видео да көрсөтүлдү. Бир ай мурда Анталиянын Кемер районунда биздин заманга чейинки 1600 – жылдарга катталган 14 метрдик кеменин чөгүнтүсү табылган.
«Батыш Анталия чөгүнтүсү» деп аталган кеменин Кипр багытынан батышка карай бара жатып бороонго учурап жээкке урунгандыгы болжолдолууда.
Бул ачылууга чейин «дүйнөнүн эң эски чөгүнтүсү» аныктамасы Каштагы Улубурун чөгүнтүсү үчүн жасалды.