Түрксат 5А спутниги 2020 - жылы учурулат

Түркиянын спутник оператору Түрксаттын башкы директору Женк Шен Түрксат 5А спутнигинин келерки жылдын экинчи чейрегинде космоско учурулушунун пландалып жаткандыгын билдирди.

1197375
Түрксат 5А спутниги 2020 -  жылы учурулат

Түркиянын спутник оператору Түрксаттын башкы директору Женк Шен Түрксат 5А спутнигинин келерки жылдын экинчи чейрегинде космоско учурулушунун пландалып жаткандыгын билдирди.

АКШнын борбор шаары Вашингтондо өткөрүлгөн Satellite 2019 жарманкесинде Түрксатты барып көргөн SpaceXтин жогорку башкаруучусу Гвинн Шотвелл Түрксаттын башкы директору Женк Шен жана Түрксаттын башкы директорунун орун басары Хасан Хүсейин Эртоктун да катышуусу менен жыйын өткөрүлдү. Шен Түрксат 5А жана 5В спутниктерине байланыштуу маалымат бөлүшүлгөн жыйындан кийин берген маалыматта Түркиянын активдүү спутник флотунда 3 кабарлашуу спутниигинин бар экендигин, Түрксат 5А, Түрксат 5В жана Түркиянын биринчи жергиликтүү жана улуттук спутниги Түрксат 6Аны жасоо иштеринин улантылып жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн эң чоң спутник жарманкеси болгон Satellite 2019да Түрксат катары орун алышкандарын айткан Шен : «Түркиянын эң негизги спутник иштетүүчүсү болгон Түрксат катары жарманкенин негизинде спутник чыгаруучу жана иштетүүчүлөр менен түрдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Сүйлөшүүлөрүбүз өлкөбүз үчүн түшүмдүү өттү»,- деди.

Шен 31 даража чыгышка атыла турган Түрксат 5А спутнигинин бир терстик болбосо 2020 -  жылдын экинчи чейрегинде АКШнын Флорида аймагындагы старттык  аянтынан космоско жиберилерин билдирди.



Тектеш кабарлар