Түркиянын эң чоң мечити бүгүн ачылат

Президент Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен өткөрүлө турган ачылуу аземи жума намазынан кийин өткөрүлөт.

1194435
Түркиянын эң чоң мечити бүгүн ачылат

Пайдубалы алты жыл мурда түптөлгөн, 63 миң киши ыбадат кыла турган бир комплекс катары долбоорлонгон Стамбулдагы Түркиянын эң чоң мечити «Бүйүк Чамлыжа» мечити бүгүн расмий түрдө ачылат.

Президент Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен өткөрүлө турган ачылуу аземи жума намазынан кийин өткөрүлөт.

Расмий ачылууга жергиликтүү жана чет элдик көп сандаган конок катышат. Күн боюнча Кураан окулат.

Президент Эрдогандын катышуусу менен расмий ачылуу аземине өтүлөт.

Осмондук  - Селчуктук архитектурасынын стили менен бүгүнкү күндүн архитектурасы бүтүндөшкөн «Бүйүк Чамлыжа» мечити шаардын жаңы символдорунун бири болду.

Ичине кирилген учурдан баштап Стамбулдун символу болгон Осмон империясы мезгилинде султандар курдурткан мечиттердин уландысы сыяктуу сезимди ойготкон «Бүйүк Чамлыжа» мечити ар бир бөлүмүндө иштелген  кооздуктары менен кызыгууларды тартууда.



Тектеш кабарлар