Англияда ПККны жактоочулар ТРТга кол салды

Жикчил террор уюму ПККны жактаган топ, TRT World каналынын Англиянын борбор шаары Лондондогу борборуна кол салды.

1189515
Англияда ПККны жактоочулар ТРТга кол салды

Жикчил террор уюму ПККны жактаган топ, TRT World каналынын Англиянын борбор шаары Лондондогу борборуна кол салды.

50 кишилик террорду жактоочу топ, TRT World каналынын Gray's Inn Roadдогу борбордук имаратынын кире бериштеги жайына кирип барды.

Террордук уюмдун корбашчысы Абдуллах Өжаландын портреттери менен уюмду сиволдогон чүпөрөктөрдү көтөргөн топ, кире бериште бир сааттай чыкпай турду.

Коопсуздук күзөттөрүнөн өтө албаган террордук уюмдун жактоочулары, андан соң Англиянын полциясы тарабынан тышка чыгарылды.

Полициянын бир топко дейре имараттын алдын  кайтарып турганы белгилүү болду.

Окуяда ТРТнын кызматкерлери жана кеңсе зыянга учураган жок.

Террор уюмунун жактоочулары Европада мындан мурда Түрк ишканалары менен мечиттерге кол салган, айрым чет элдик медиа мекемелерин басып алган.

ПКК Англияда террордук уюмдар тизмесинде орун алды, бирок англис полициясы террордук уюмдун жактоочуларына толеранттуу мамиле кылганы көрүнүүдө.

Англияда террор менен күрөшүү мыйзамына караганда террор тизмесиндеги бир уюмга таандык символдорду көтөрүп жүрүү кылмыш болуп эсептелет.

Террордук уюмдун мүчөлөрү да 10 жылга чейин абак жазасына тартылат.



Тектеш кабарлар