Президент Эрдоган армян патриархы Атешянга кат жиберди

Президент Эрдоган катында 8 -  мартта каза болгон патриарх Месроб Мутафянды эскерип үй  - бүлөсүнө, жакындарына жана бардык армян жамаатына да көңүл айтты.

1189369
Президент Эрдоган армян патриархы Атешянга кат жиберди

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия армяндарынын патриархы Арам Атешянга кат жиберди.

Эрдоган катында Биринчи Дүйнөлүк согушунда каза болгон осмондук армяндар үчүн көңүл айтты.

Армян коомунун Осмон империясы жана Түркия республикасында өлкөгө чоң салым кошкондугун баса белгилеген Эрдоган : «Кечээ болгондой бүгүн да армян жарандарыбыз өлкөбүздүн тең укуктуу жана эркин жарандары катары социалдык, саясий жана соода турмушубуздун ар бир тармагында маанилүү ролду аткарышкан. Тарыхта  кыйынчылыкта жана кубанычка орток болгон эки калктын өткөн күндүн жараларынын айыгышы жана байланыштарын дагы да күчтөндүрүшү баарыбыздын орток максаты»,- деди.

«Биз кайгыңыздардын жеңилдетилишинде жана маселелериңиздердин чечилишинде жаныңыздарда болууну улантабыз», - деген сөздөрдү айткан президент Эрдоган катында буларды белгиледи : «Бул жагдайды баса белгилегим келет. Өлкөбүздөгү армян жамаатынын тынчтыгы, коопсуздугу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бир армян жараныбыздын четке кагылышына мүмкүнчүлүк бергендерге биз каршы чыгабыз.  Ушул себеп  менен армян жамаатынын жаңы диний лидеринин эртерээк шайланышын каалап жана сиздерге ийгилик каалайм. Орток бир келечекти бирге куруунун жолунун бир жана биргеликте болуудан өткөнүнө ишенем. Орток өтмүшүбүздү бурмалоо менен тарыхтан кек, жек көрүү жана душмандык чыгарууга аракет кылган чөйрөлөргө мүмкүнчүлүк бербешиңиздерди суранам».

Президент Эрдоган катында 8 -  мартта каза болгон патриарх Месроб Мутафянды эскерип үй  - бүлөсүнө, жакындарына жана бардык армян жамаатына да көңүл айтты.



Тектеш кабарлар