Түрк аба жолдорунун Анкара - Баку каттамдары башталды

Анкара  - Баку каттамы жумада үч күн менен башталды.

1188347
Түрк аба жолдорунун Анкара  - Баку каттамдары башталды

Түрк аба жолдорунун Анкара  - Бакунун ортосунда түздөн түз каттамы башталды. Биринчи каттам болгондуктан Гейдер Алиев аэропортунда котейль уюштурулду. Иш чарага Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Надир Хүсейнов, Түркиянын Баку элчиси Эркан Өзорал, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлү Уфук Турганер, Түрк аба жолдорунун башкы директорунун орун басары Абдулкерим Чай, Азербайжан жарандык авиация жетекчилери, түрк мекемелери менен туризм агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Элчи Өзорал Түрк аба жолдорунун Анкарадан Бакуга түздөн түз биринчи каттамын аткарышынан кубанычтуу экендерин белгилеп : «Бул өзгөчөлүк менен Азербайжанда жашаган түрктөрдүн узун убакыттан берки каалаган нерсеси эле. Бүгүн Түрк аба жолдору бул каалоону камсыз кылган болду. Анкара менен Бакунун арасындагы байланыштарды дагы да бекемдейт»,- деди.

Түрк аба жолдорунун башкы директорунун орун басары Чай да эки бир тууган мамлекеттин борбор шаарларынын ортосунда Түрк аба жолдорунун каттамын баштоосу сыймыктандыруучу экендигин баса белгилеп : «Бул каттам менен эки бир тууган өлкөнүн ортосундагы достук, бир туугандык күч алуу менен улантылат. Түрк аба жолу катары өлкөлөр арасындагы карым  - катнаштарды арттыруу үчүн колубуздан келгенди аткарабыз»,- деди.

Түрк аба жолдорунун Баку директору Сейфуллах Иляс да кыска убакыт мурда Баку  - Анталья каттамдарынын да башталгандыгын эске салып : «Бул каттамдар менен Түрк аба жолдору эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарга салым кошууну улантууда. Анкара  - Баку каттамын жумада үч күн менен баштадык. Талапка карата бул санды көбөйтөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар