23 - Апрель бүткүл өлкөдө кубанычтуу майрамдалууда

Аземдердин биринчи адреси Аныткабыр болду.

1188291
23 -  Апрель бүткүл өлкөдө кубанычтуу майрамдалууда

23 – Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуттук Парламентинин ачылышынын 99 -  жылы бүткүл өлкөдө кубанычтуу майрамдалууда.

Аземдердин биринчи адреси Аныткабыр болду.

Улуттук билим берүү министри Зия Селчук министрлигиндеги делегация Аныткабырды зыярат кылды.

Президент Р. Т. Эрдоган да бүгүн улуттук билим берүү министри Зия Селчук жана коштоосундагы балдарды кабыл алгандан кийин Бештепе улуттук конгресс жана маданий борборунда ТРТ 23 -Апрель гала программасына катышат.

Бир тараптан Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Түркия Улуттук Парламенттин курулушунун 99 -жылы жана 23 -Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

Парламенттин спикери куттуктоосунда : «Түркия айырмачылыктарды кагылышуунун шылтоосу эмес, баюнун мүмкүнчүлүгү катары көргөн бир түшүнүк менен алдыга жыла алат»,- деди.

Шентоп балдардын жана жаштардын улуттук жана руханий баалуулуктар менен камсыз кылынышы керектигин да баса белгиледи.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой да куттуктоосунда : «Улуу улутубуздун бүткүл дүйнөгө өз келечегин белгилөө тууралуу бир гана сөз ээсинин дагы эле өзү экендигин жарыялаган бул күнү улуттук жашообуздун сыймыктандыруучусу катары цивилизация тарыхына өттү»,- деди.



Тектеш кабарлар