Түркия менен Азербайжан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Машыгууга катыша турган түрк аскерлери Азербайжанга барды.

1187877
Түркия менен Азербайжан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

 

Түрк жана Азербайжан куралдуу күчтөрү, 1-майдан 3-майга чейин Азербайжанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшөт.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташуунун алкагында өткөрүлгөн машыгууга катыша турган түрк аскерлери Азербайжанга барды.

«Мустафа Кемал Ататүрк-2019» аттуу машыгууга катыша турган аскердик бөлүк салтанаттуу азем менен тосулуп алынды.

Машыгуунун негизинде тажрыйба бөлүшүлүп, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы координациянын бекембелишинин максатталгандыгы билдирилди.

Биргелешкен машыгууда аскердик бөлүктөр менен катар зооттолгон унаалар, артиллериялык батареялар, миномет, учак жана тик учарлар менен абадан коргонуу системалары орун алат жана атуулар ишке ашат.



Тектеш кабарлар