Нидерландияда Түрк күнү
Түрк фестивалынын алкагында Түрк күнү жүрүшү өткөрүлдү.
Нидерландияда түрк маданияты таанытылган Түрк фестивалынын алкагында Түрк күнү жүрүшү өткөрүлдү.
Нидерландия Түрк федерациясына караштуу Хожа Ахмет Йесеви түрк маданият жана билим берүү борбору тарабынан Арнем шаарында быйыл 10чусу уюштурулган жүрүшкө, Мехтер тобунун коштоосунда ар кайсы шаарлардан келген көп сандаган түрк жараны катышты.
«Вельпер» аянтында башталган жүрүш, Түрк фестивалы өткөрүлгөн Пресихааф паркында аяктады.
Жөө жүрүштөн кийин өткөрүлгөн аземде, эки өлкөнүн улуттук гимндери ойнолгондон кийин 15-мартта Жаңы Зеландияда жана кечээ Шри-Ланкада болгон террордук кол салуунун курмандыктары үчүн бир мүнөттүк эскерүү болду.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.