Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитети чогулду

Президенттик комплексте массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жыйын 1 жарым саатка созулду.

1185446
Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитети чогулду

Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитети кечээ Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде чогулду. Президенттик комплексте массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жыйын 1 жарым саатка созулду.

Жыйынга казына жана финансы министри Берат Албайрак, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер жана коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир катышты.

Жыйында өлкө ичинде жана чек аранын ары жагында жүргүзүлгөн операцияларда коопсуздук бөлүктөрү колдонгон жергиликтүү жана улуттук системаларга жаңыларынын кошулушуна карата түрдүү долбоорлор тууралуу чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар