Түрк илимпоздорунан маанилүү ийгилик

Профессор –доктор Режеп Кешли дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн 710 илимпоз мүчөсү болгон BactiVac Networkко кабыл алынды.

1177192
Түрк илимпоздорунан маанилүү ийгилик

Кония Селчук университетинин медицина факультетинин медициналык микробиология тармагынын мугалими, профессор –доктор Режеп Кешли дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн 710 илимпоз мүчөсү болгон BactiVac Networkко кабыл алынды.

Профессор Режеп Кешли Британияда Бирмингам университетинин Иммунология жана иммунотерапия институту тарабынан бактериялык вакцина чыгаруу максатында курулган жана дүйнөнүн негизги илимпоздору мүчө болгон BactiVac Networkко Түркиянын атынан катышат.

Британия медициналык изилдөөлөр кеңеши Британия биотехнология жана биологиялык билимдер изилдөө кеңеши жана Global кыйынчылыктарды изилдөө фонду тарабынан колдоого алынган жана каржыланган желе менен дүйнөдө, глобалдык бир коркутуу абалына келген микробго каршы чыдамдуулук менен бактериялык инфекцияларга караштуу өлүмдөрдүн  азайтылышы максат кылынууда.

Жылда 5 миллион киши бактериалык инфекциялардан улам каза болууда.



Тектеш кабарлар