Түркиядан Мозамбикке жардам

Түркия Мозамбикте жараларды айыктырууну улантууда.

1175529
Түркиядан Мозамбикке жардам

 

Мозамбикте чоң апаатка жол ачкан «Идаи» бороонунун жараларын айыктыруу үчүн 2 жумадан бери аймактагы Түрк Кызылайынын адис группасы гуманитардык жардам иштерин улантууда.

Мозамбик Кызыл Крести менен координациялуу иштеген группа үйлөрүнөн ажырап Гендердик зомбулуктун курмандыктарына  колдоо борборуна баш калкалаган 106 үй  - бүлө жана Беира Ваз башталгыч мектебине баш калкалаган 127 үй  - бүлө болуп жалпы  233 үй  - бүлөгө тамак  - аш жардамын берди.

Түрк Кызылайынын группа лидери Бора Атлыхан Түркиянын Беирага карата гуманитардык жардамдарын муктаж болгондорго жеткирүү үчүн бир жумадан бери шаарда экендерин белгилеп, жардамдарды ийгиликтүү түрдө муктаждарга жеткиришкендерин айтты.

Атлыхан : «Бороондон кийин үйсүз калып мектеп жана расмий мекемелерге жайгаштырылган үй  - бүлөлөргө Мозамбик Кызыл Крестинин колдоосу менен жардамдарыбызды жеткирип жатабыз. Бүгүн да 233 үй  - бүлөгө тамак  - аш пакетибизди тапшырдык. Ушул кезге чейин  436 үй  - бүлөгө  азык  - түлүк, 175 үй  - бүлөгө гигиеналык жардам таркаттык. Өзгөчө Беирада бир чатыр шаар курууну пландап жатабыз»,- деди.

Бир тараптан бороон жана сел болгон Мозамбикте холера эпидемиясы менен ооруган киши саны 139га жетти.

Континенттин түштүгүндөгү өлкөлөрдөн Малави, Мозамбик жана Зимбабведе болгон «Идаи» бороонунан улам аймакта миңдеген үй кулап, жугуштуу оорулар чыга баштады.



Тектеш кабарлар