Түркия Колумбиянын Чоко аймагында селден жабыр тарткан элге жардам берди

ТИКА аймак калкынын кайрадан өндүрүш иштерин башташы жана чыгымдардын ордунун толтурулушу үчүн күрөк, мотор менен иштеген араа, бургулоо аппараттары, аянтты өлчөө аппараттары сыяктуу каражаттар боюнча жардам берди.

1175539
Түркия Колумбиянын Чоко аймагында селден жабыр тарткан элге жардам берди

Түркия Кызматташтык жана Координация Агенттиги башкармалыгы ТИКАдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Колумбиянын Чоко аймагындагы Истминанын борборунда селден эң көп зыян тарткан дыйкан жана ишкана ээси тарткан зыянды ордуна келтирүү үчүн жардам берилип, Андерс Белло башталгыч мектебинде окуган 140 окуучуга окуу куралдары таркатылды.

Дарыянын ташуусунан кийин жардам берүүгө чакырган Чоко губернатору Джоани Паласиос аймакта ашыкча жакырдык чегинде жашагандардын селден улам турмуштук бардык  булактарынан ажыргандыгын белгиледи.

Ушул боюнча ТИКА аймак калкынын кайрадан өндүрүш иштерин башташы жана чыгымдардын ордунун толтурулушу үчүн күрөк, мотор менен иштеген араа, бургулоо аппараттары, аянтты өлчөө аппараттары сыяктуу каражаттар боюнча жардам берди.

Колумбиянын Чоко аймагындагы Сан Жуан дарыясы өткөн жумада ташып, тегеректеги бир топ отурукташуу аянтынын суу астында калышына жана дарыяга кошулуп жок болушуна себеп болгон.

Селден улам 7 миңден ашуун киши үйлөрүнөн ажыраган.

 



Тектеш кабарлар