Түркия Мозамбиктеги жабырлануучулур үчүн чатыр шаарча курдурду

Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) Идаи бороон-чапкыны уруп өткөн Мозамбикте үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон жабырлануучулар үчүн чатыр шаарча курду.

1174745
Түркия Мозамбиктеги жабырлануучулур үчүн чатыр шаарча курдурду

Түркиянын Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) Идаи бороон-чапкыны уруп өткөн Мозамбикте үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон жабырлануучулар үчүн чатыр шаарча курду.

Идаи бороон –чапкыны жана нөшөрлөп жааган жамгыр таасирин тийгизген Моазмбиктеги иш-аракеттерин уланткан AFAD топтору тарабынан, апааттан эң көп таасирленен шаар болгон Бериага жакын жердеги Тижада чатыр шаарча курулду.

Түркиядан аскердик жүк учагы менен алып келинген чатырлар, Мозамбиктеги AFAD топторунун белгилөөсүнүн натыйжасында үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон жана мындан мурда башка жардам мекемелери жете албаган Тижага жөнөтүлдү.

Элдин колдонуусу үчүн сунушталган чатырларды куруу иштерине AFAD топтору менен катар жардам иш-аракеттеринин алкагында аймакка барган берки Түрк мекемелери UMKE, AKUT жана Түркия Дин иштери фондунун кызматкерлери да кол кабыш кылышты.


Этикеткалар: #Түркиянын , #AFAD , #Мозамбикте

Тектеш кабарлар