Түркияда шайлоо болду

Түркия калкы 5 жыл бою кызмат кыла турган жергиликтүү башкаруучуларды шайлаш үчүн шайлоо участкаларына барды.

1174056
Түркияда шайлоо болду

Түркия калкы 5 жыл бою кызмат кыла турган жергиликтүү башкаруучуларды шайлаш үчүн шайлоо участкаларына барды.

Жогорку шайлоо кеңешинин жарлыгына ылайык 12 партиянын талапкерлери ат салышууда. Алар; Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Көз карандысыз Түркия партиясы, Улуу биримдик партиясы, Жумурият элдик партиясы, Демократ партиясы, Демократиялык сол партия, Элдердин демократиялык партиясы, Ийи партия, Улуттук кыймыл партиясы, Саадет партиясы, Түркия коммунисттик партиясы жана Ватан партиясы.

Атуулдар "шаар башчыларын","муниципалитет башчыларын","шаардык кеңештин мүчөлөрүн","айыл өкмөт башчыларын жана аксакалдар тобун" шайлоо үчүн добуштарын берди.

Түркиянын чыгыш жагындагы белгиленген облустарда саат 7:00-16:00 арасында, калган облустарда саат 8:00-17:00 арасында добуш берилди.

Жыйынтыктар бир аздан кийин жарыялана баштайт.


Этикеткалар: #Түркия , #шайлоо

Тектеш кабарлар