Кызылай Йеменде жардам таркатты

Түрк Кызылайы Йемендин Марид жана Ал  - Цевф шаарларындагы ички мигранттарга 8 миңден ашуун тамак  - аш пакетин таркатты.

1170984
Кызылай Йеменде жардам таркатты

Түрк Кызылайы Йемендин Марид жана Ал  - Цевф шаарларындагы ички мигранттарга 8 миңден ашуун тамак  - аш пакетин таркатты.

Марибдеги Икра башталгыч мектеби жана Ен – Наср качкындар лагериндеги тамак  - аш таркатууда Түрк кызылайы делегациясынын төрагасы Мустафа Айдын Кызылайдын финансы иштеринен жооптуу Мурат Кая, Истикабе жардам коомунун коом менен байланыш боюнча жооптуусу Абдуллах Бажемале менен коомдун Мариб филиалынын директору Несибе  ел  - Гассани катышты.

Айдын өткөн жума шаршемби күнү башташкан таркатуу ишин кечээ аякташкандарын айтты.

Айдын да пакеттердин 2 миң 145нин Марибдеги ички мигранттар мугалимдер менен окуучуларга, 1000 пакеттин Икра башталгыч мектебине, 1145нин Сана, Рейма жана Ел  -  Бейда шаарларынан келген мигранттарга таркатылгандыгын айтты.

Түрк калкынын Йемен калкына берген чексиз жардамдарынан мактоо менен сөз кылган Гассани да Мариб жана башка шаарлардагы ички мигрант үй  - бүлөлөрдүн кыйынчылыктарын чоң өлчөмдө жеңилдеткен бул жардамдардын улантылышын каалашкандарын белгиледи.

Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык өкүмдүк кылган Йеменде хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн арасында кагылышуулар болду.

Хусилер 2014 -  жылы сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жылы март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар