Нидерландиядагы кол салууну Түркия катуу айыптады
Түркия ар түрдүү кол салууга каршы бирдей мамилени көрсөтүүсүн улантат.
Түркия ар түрдүү кол салууга каршы бирдей мамилени көрсөтүүсүн улантат.
Эң акыркы жолу Нидерландияда болгон кол салуунун шектүүсүнүн Түркияда төрөлгөн болушу да бул мамилебизди өзгөртө албайт.
Анкара, 3 кишинин өмүрүн кыйган кол салууну катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, «Утрехт шаарында болгон кол салууну, шектүүсү ким болсо дагы жана кандай максат менен ишке ашырса дагы катуу айыптайбыз»,делди.
Анда, «Бул мыкаачылык кол салуунун натыйжасында каза болгондордун жакындарын кайратуу жана сабырдуу болууга чакырабыз, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Бул кол салууга каршы Нидерландия калкы жана өкмөтү менен толук колдошобуз»,деп берилди.
Утрехт полициясы кол салуу тууралуу 37 жаштагы Түркияда туулган Гөкмен Т.нын изделгенин билдирген.
Коопсуздук булактары болсо террордук кол салуудан тышкары ыктымлдуулуктарга токтолгондорун, окуянын «үй-бүлөлүк себептерден» улам болушу мүмкүн экенин жарыялаган болчу.
Кылмышкердин кармалгандыгы да келген маалыматтардын арасында...
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.