Эрдоган: "Жаңы Зеландияда болгон террордук кол салууга жооп берилиши керек"

Эрдоган, 31-март жергиликтүү шайлоолордун алдында Текирдаг митингинде элге кайрылып, Жаңы Зеландиянын Крайсчерч  шаарында жума намазы убагында 2 мечитке болгон куралдуу террордук кол салууга токтоло кетти.

Эрдоган: "Жаңы Зеландияда болгон террордук кол салууга жооп берилиши керек"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Жаңы Зеландияда болгон террордук кол салууга жооп берилишин талап кылды.

Эрдоган, 31-март жергиликтүү шайлоолордун алдында Текирдаг митингинде элге кайрылып, Жаңы Зеландиянын Крайсчерч  шаарында жума намазы убагында 2 мечитке болгон куралдуу террордук кол салууга токтоло кетти.

Мусулмандарга карай кол салууну «кыргын» деп эсептеген Президент: «Жаңы Зеландияда колдонгон куралдарын түрк жана мусулман душмандары менен кооздоп алыптыр. (Террорист) Стамбулга келип бардык мечиттерди, муналарды кулатабыз деп кыйкырыптыр. Эй намыссыз, Жаңы Зеландия кайда Түркия кайда? Кантип эле дүйнөнүн аркы учундагы бир мыкаачы мусулмандар тууралуу жана түрктөр тууралуу ушунчалык жаман ойлорго башы толуп кыймыл кыла алат?»-деди.

Мыкаачынын эки жолу Стамбулга келгенинин белгиленгенин эске салган Эрдоган: « Стамбулга бир келгенде 3 күн, кийинки келгенде 40 күн жүрүптүр. Учурда иликтөөлөр жүрүп жатат. Мунун байланышы кайсы жерге жетет, чыгарабыз. Ал эми албетте Жаңы Зеландиядан буларды жоопко тартышын талап кылуудабыз. Жөн эле куру сөз менен айтылып, бир аз жатып чыгуусу болбойт. 49 кишинин өмүрү кыйылды. Бул кыргын болуп эсептелет. Буга жооп бериши керек. Андай болбосо бул багыт жакшы эмес. Эртеңки күнү ушундай эле беделди Жаңы Зеландия да төлөп калат»,-деп айтты.

Австралиялык көз карандысыз сенатор Фрейзер Аннингдин айтымдарына шилтеме кылган Эрдоган: «Ахлаксыз, адепсиз түрдө сөз сүйлөөдө»,-деди.

Президент Эрдоган, Стамбулдун Газиосманпаша районундагы митингде сүйлөгөн сөзүндө, «Бизге кол салган кресттүү бузукуларга, бизди бутага алган мыкаачыларга, ал мыкаачыларды аркасынан колдогон күчтөргө үн катуудамын; ийгиликке жетише албайсынар. Сиз каалабасаңыз да биз Кудстун укугун жактайбыз, Газанын укугун жактайбыз, Йемендик балдардын, сириялык муктаждардын, африкалык ачкалардын айкырыгы болууну улантабыз»,-деп кайрылды.


Этикеткалар: Эрдоган

Тектеш кабарлар