ЗОКА биринчи өлкө тышы буюртмасын алды

ЗОКА түрк деңиз флотундагы бардык суу түбүндөгү кемелерде кызматын аткарууда.

1164002
ЗОКА биринчи өлкө тышы буюртмасын алды

Аскердик электрондук өнөр жай АСЕЛСАН чыгарган жана деңиз флотундагы бардык суу түбүндөгү кемелерде колдонулган ЗОКА аралаштыруучу жана адаштыруучулар үчүн биринчи өлкө тышы буюртма Индонезиядан алынды. АСЕЛСАН чыгарган улуттук аралаштыруучу жана адаштыруучу система ЗОКА түрк деңиз флотундагы бардык суу түбүндөгү кемелерде кызматын аткарууда. 

Суу түбүндөгү кемелерде жана кемелерде коргонуу максатында колдонулган система учурулгандан кийинн жогорку деңгээлде үн жайылтуу менен сигналды аралаштырып, торпедону жаңылтат. 

Түрк суу түбүндөгү кемелерде колдонулган бул система эми өлкө тышында да  кызматын аткарат. Индонезия деңиз күчтөрү командирлигинин инвентарындагы суу түбүндөгү кемелерде колдонула турган ЗОКАнын бул жылы тапшырылышы күтүлүүдө. 

Долбоордун директору Зекериййа Шахин ЗОКАны окшошторунан дагы жогорку өзгөчөлүктөрдө чыгаруу максаты менен жолго чыгышкандарын айтты. Шахин Индонезиядан буюртма алышкандарын белгилеп : "Абдан жакынкы учурда башка бир өлкөдөн дагы буюртма алууну күтүп жатабыз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар