Чөккөн кемелер туризмге ачылат

Чанаккале согуштарында чөккөн кемелердин чумкуу туризмине ачылышы үчүн иштер улантылууда.

batik.jpg
majestic.jpg

Чанаккале согуштарында чөккөн кемелердин чумкуу туризмине ачылышы үчүн иштер улантылууда. Чанаккаледе 1915 -  жылы болгон жана дүйнөлүк согуш тарыхына өткөн согуштар, деңиз жана кургактык тармактарында ишке ашты.

Улуу жеңиштин 104 – жылында согуштан калган тосмолор, окоптор, чептер негизине ылайык  рестоврацияланып зыяратка ачылат.

Чанаккале губернаторлугу Түрк куралдуу күчтөрү жана Түштүк Мармара Өнүгүү Агенттиги тарабынан чөккөн кемелердин чумкуу туризмине ачылышы багытында иштер аткарылууда.

Чөккөн англис «HMS Majestic» кемеси чумкууга кызыккандар тарабынан чоң кызыгуу көрүүдө.

Англис королдук деңиз флотуна караштуу бул ок өткөрбөс кеме 1915 -  жылы торпедо менен атылып Чанаккале жакындарында чөккөн. Кеме 20 метрдик тереңдикте. Бул да чумкууга ылайыктуу.



Тектеш кабарлар