Түркия Жаңы Зеландиядагы кол салууга каршы чыкты

Эрдоган кол салууну наалаттаган билдирүү жарыялады.

Түркия Жаңы Зеландиядагы кол салууга каршы чыкты

Президент Р. Т. Эрдоган Жаңы Зеландиядагы мечитке карата кол салууну жогорулап бара жаткан расизм жана ислам душмандыгынын бир үлгүсү экендигин айтты. Эрдоган кол салууну наалаттаган билдирүү жарыялады.

«Жаңы Зеландияда Нур мечитине жана ал жерде ыбадат кылган мусулмандарга жасалган террордук кол салууну катуу айыптап, аткаруучуларды наалаттаймын. Кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайм»,- деген Эрдоган : «Тилекке каршы дүйнөдө күч алып бара жаткан расизм жана исламга карата душмандыктын жаңы бир мисалы катары чыккан бул кайгылуу окуядан улам ислам дүйнөсүнө жана Жаңы Зеландия калкына өлкөм жана жеке өзүмдүн атыман көңүл айтым»,- деди.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп да кол салууну катуу наалаттады.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да «варвар» террордук кол салууну наалаттагандыгын билдирип : «Кол салууда бир гана аткаруучулардын эле эмес, батышта  күч алып жаткан ислам душмандыгын көкүткөн саясатчылар менен медиа да жооптуу»,- деди.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Жаңы Зеландиядагы мечитке карата кол салуу тууралуу : «Бул кол салуу исламга каршы чыгуунун жана мусулман душмандыгына карата  келген акыркы чекти көрсөтүүдө»,- деди.

Ибрахим Калын социалдык бөлүшүү сайты твиттер эсебинен бул маалыматты берди : «Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында Нур мечитине жасалган фашист кол салууда ондогон киши өлтүрүлдү. Кол салууну катуу айыптап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. Бул кол салуу исламга каршы чыгуунун жана мусулман душмандыгынын келген жерин көрсөтүүдө.

Ислам жана мусулмандарга каршы исламофобиялык сөздөрдүн бузуку идеологияга айлангандыгын көптөгөн жолу көрдүк. Дүйнө эми бул сөздөргө каршы үнүн чыгарышы керек жана исламофобиялык фашист терроризм деп ушуга айтылат».

Президенттиктин байланыш боюнча төрагасы Фахреттин Алтун да Жаңы Зеландиядагы кол салууларды эң күчтүү айыптагандыгын билдирди.

Фахреттин Алтун твиттер аркылуу берген маалыматында : «Террорго каршы бирдиктүү болуунун учуру»,- деди.



Тектеш кабарлар