Түркия-Орусия жыйыны Антальяда өткөрүлөт

Жыйындын аягында Түркия менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда келишимге кол коюлат.

Түркия-Орусия жыйыны Антальяда өткөрүлөт

Түркия-Орусия биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 7-жыйналышы 18-мартта Антальяда өткөрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин астыңкы бөлүмү болгон Түркия-Орусия биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 7-жыйналышы 18-мартта Антальяда өткөрүлөт.

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу жана орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун жетекчилигинде өтө турган жыйында, эки өлкөнүн карым-катнаштары менен катар аймактык жана эл аралык маселелерге байланыштуу кеңири пикир алмашылышы күтүлүүдө.

Жыйындын аягында Түркия менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2019-2020-жылдарга карата Кеңешүү планына кол коюлат.



Тектеш кабарлар