Президент Эрдогандан С - 400 билдирүүсү

Эрдоган менчик бир телекөрсөтүү каналында күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Президент Эрдогандан С  - 400 билдирүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган С  - 400 абадан коргоо системаларын алуу тууралуу артка кадам таштоонун мүмкүн эмес экендигин айтты. Эрдоган менчик бир телекөрсөтүү каналында күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Маалыматында  Түркия менен АКШнын ортосунда Орусиядан С  - 400 абадан коргоо системаларын сатып алуу тууралуу чыккан талаш  - тартыштарга токтолгон Эрдоган эң негизгиси Түркиянын коопсуздугу экендигин, коопсуздук маселесинен жол беришпей тургандарын айтып Сириянын түндүгүндө Башар Асад режими жана ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмдардын бар экендигине басым жасады.

Түркиянын коопсуздугун кепилдикке алуулары керектигин белгилеген Эрдоган : «Өткөн күндө АКШдан Патриот абадан коргооо системаларын алууну кааладык, беришкен жок. Биз да ушул боюнча керектүү иштерди баштадык. Орусия оң кабыл алды. Биз да чечкиндүү кадамдар менен бул тууралуу кадамыбызды таштадык»,- деди.

Пайыз катнашы, кредит алуу, биргелешкен өндүрүш сыяктуу темаларда Орусиянын оң кадамдарды таштагандыгын айткан Эрдоган : «Ушундан улам да С  - 400дөрдү Орусиядан алуу тууралуу кадам таштадык. Орустар системаларды тапшырууну алдыга жылдырып июль айына алышты. Биз бул ишти бүтүрдүк. Бул жерден артка кадам таштабайбыз. Биргелешкен өндүрүш, технология тарнсфери жана чыгымы тууралуу да тийиштүү түрдүү критерияларыбыздын болгондугун көптөгөн жолу коомчулук менен бөлүштүк»,- деди.

 



Тектеш кабарлар