Министр Чавушоглу: «Түркиянын коопсуздугу ЕБнин коопсуздугунан обочо кармала албайт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түрк атуулдарынын Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүн визасыз саякат кыла алышы үчүн калган 6 критерийди алдыбыздагы процессте толуктоону пландагандарын айтты.

Мевлүт Чавушоглу, ЕБнин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жана Европа Комиссиясынын Европанын коңшулук саясаттары жана кеңейүү сүйлөшүүлөрү боюнча жоопту мүчөсү Йоханнес Хан менен бельгиянын борбор шаары Брюсселде биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Министр Чавушоглу: «Террор менен күрөшүү Түркия жана ЕБ үчүн маанилүү. Түркиянын коопсуздугу ЕБнин коопсуздугунан обочо кармала албайт»,-деди.

Европа Парламентинин (ЕП) Түркия рапортун да сынга алган Чавушоглу: «ЕПнин туура чечим чыгарганын айтуубуз мүмкүн эмес, бирок алгач ирет кабыл алынгыс отчетко каршы добуш бергендердин саны өсүп баратканын көрүү, ЕПде да кайдыгер эмес саясатчылардын санынын өсүп баратканын көрсөтүп турат»,-деп айтты.

ЕБнин жогорку өкүлү Могерини да, «Түркия-ЕБ кызматташтыгы бир гана качкындар үчүн эмес Сирияда саясий чечүүчү жол табуу үчүн да маанилүү»,-деп айтты.

Могерини, жикчил террор уюму ПККнын ЕПнин террордук уюмдарынын тизмесинде болгонун жана бул жагдайдын талашка ачык болбогонун белгилеп өттү.

Тектеш кабарлар