Хулуси Акар Ф - 35тердин тапшырылышы тууралуу күндү билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ф  - 35 аскердик учактарынын ноябрь айында АКШдан Түркияга тапшырылышы күтүлүп жаткандыгын айтты.

1163518
Хулуси Акар Ф  - 35тердин тапшырылышы тууралуу күндү билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ф  - 35 аскердик учактарынын ноябрь айында АКШдан Түркияга тапшырылышы күтүлүп жаткандыгын айтты.

Хулуси Акар кечээ коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер күч командирлери менен Түркия эс алуудагы офицерлер коомунун башкаруусу жана кээ бир активдүү офицерлер менен борбор шаар Анкарада Сыххийе аскер үйүндөгү түшкү тамакта жолугушту.

Акар бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Орусиядан ала турган С  - 400 аба системаларын шылтоологон АКШлык кээ бир жетекчилердин Ф  -35 учактарынын тапшырылуусуна байланыштуу маалыматтарына байланыштуу баа берди.

Түркиянын муктаждыгы болгондугуна карабастан НАТО мүчөсү кээ бир өлкөлөрдөн абадан коргоо системалары менен камсыз кылууда маселелер жашагандыгын, бул муктаждыкты Орусиядан С  - 400дөрдү алуу менен камсыз кыларын эске салган Акар АКШлык жетекчилерден бир топ маалыматтардын берилгендигине карабастан Ф  -35терди тапшыруу процессинин азыркы учурда кадимки режимде иштеп жаткандыгын белгиледи.

Түркиянын Ф  - 35тер тууралуу өзүнө түшкөн жоопкерчиликти кемчиликсиз орундаткандыгын жана орундатып жаткандыгын баса белгилеген Акар : «Учкучтарыбыз, техникалык тейлөө кызматкерлерибиз АКШда билим алууну улантууда. Ноябрь айында учактардын Малатияга келишин күтүп жатабыз. Бул тууралуу Малатиядагы базис даярдыктарыбыз бүткөрүлдү»,- деди.



Тектеш кабарлар