Сириянын түндүгүндө Түркияга каршы террордук тилке түзүлүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейбиз

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Эрдоган, Хатайдын Искендерун районунда уюштурулган митингде элге кайрылды.

1160894
Сириянын түндүгүндө Түркияга каршы террордук тилке түзүлүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейбиз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын түндүгүндө Түркияга каршы террордук тилке түзүлүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей тургандарын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Эрдоган, Хатайдын Искендерун районунда уюштурулган митингде элге кайрылды.

Айрым күчтөрдүн ой-пикир жана этникалык жактан бөлүүчүлүк жаратууга аракет кылгандарына басым жасаган Эрдоган: «Кимлик, маданият, диний агым, секта айырмачылыктарыбыз тырмалып, жерлерибизге бузукулук үрөндөрү себилгенге аракет кылынды. Бактыга жараша бул бузукулук аракеттери ийгиликке жетишкен жок»,-деди.

Эрдоган, улут өз биримдик жана ынтымагын коргоп ар түрдүү провокацияларды четке какканын айтты.

Ушундай эле түрдө Сириядан Иракка дейре Түркияга багытталган ар түрдүү оюндарды үстөлдө дагы, аянтта дагы буза тургандарын билдирген Эрдоган: « (Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга) миңдеген фура толтура курал тараткандарга Афринде кандай сокку урган болсок, буюрса Манбижден баштап түштүк чек арабызды бойлото булардын күнүн көрсөтөбүз. Сириянын түндүгүндө өлкөбүзгө каршы террордук тилкенин түзүлүүсүнө уруксат бербейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар