Улуттук коргоо министри Хулуси Акар машыгууну иликтеди

Хулуси Акар башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен «Көгүлтүр Мекен» машыгуусун иликтеди.

1157259
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар машыгууну иликтеди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Эгей деңизи, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кара деңизде Түркиянын мыйзамдуулук жана кызыкчылыктарын коргоо жана колдоо үчүн иштерди улантып жатышкандарын айтты.

Хулуси Акар башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен «Көгүлтүр Мекен» машыгуусун аба күчтөрү командирлигинин абадан эрте эскертүү жана текшерүүгө алуу учагында иликтеди.

Машыгуу башкарылган Деңиз флоту командирлигиндеги машыгуунун текшерүү борборунда «Көгүлтүр Мекен» машыгуусуна катышуучулардан брифинг алгандан кийин кээ бир жолдомолорду берген жана катышуучуларга ийгилик каалаган Акар андан кийин коштоосундагы командирлер менен абадан эрте эскертүү жана текшерүүгө алуу учагы ХИКке барды.

«Батыш» деген ат берилген учактын чыгыш Жер Ортолук деңизде машыгуунун негизинде аткарган учууга катышкан Акар жана командирлер аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат алышты.

Бул жерде да кээ бир жолдомолорду берген Акар андан кийин рация байланышы менен «Көгүлтүр Мекен» машыгуусуна катышкандарга кайрылды. «Көгүлтүр Мекен» машыгуусунун абдан чоң ийгилик менен улантылып жаткандыгын айткан министр Акар катышуучуларга рахмат айтты.

«Көгүлтүр Мекен»  машыгуусунда деңиз күчтөрүнүн күчүн баарына көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн табышкандарын айткан Акар алынган жыйынтыктардын кубантуучу жана машыгуунун абдан ийгиликтүү экендигин белгиледи.

Акар : «Жер Ортолук деңизинде, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде, Кара деңизде өлкөбүздүн, улутубуздун мыйзам жана кызыкчылыктарын коргоо, колдоо үчүн да ишибизди кемчиликсиз орундатууну улантып жатабыз»,- деди.

Республика тарыхынын эң чоң машыгуусу болгон жана 103 аскердик кеменин катышуусу менен өткөрүлгөн «Көгүлтүр Мекен» машыгуусу 2 – 5 -  март күндөрүнүн арасында Кара деңиз, Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңизинде бирдей убакта өткөрүлүүдө.



Тектеш кабарлар