Түркия стипендияларына рекорддук кайрылуу

Түркия стипендияларына 145 миң 700 киши рекорддук деңгээлде кайрылды.

1157482
Түркия стипендияларына рекорддук кайрылуу

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомдор ЙТБнин төрагасы Абдуллах Эрен 2012 – жылы 42 миң кайрылуу болгон Түркия стипендиялары программасынын 2019 – жылдан баштап дүйнөнүн 167 өлкөсүнөн 145 миң 700 кайрылуу менен рекорддук деңгээлге жеткендигин билдирди.

ЙТБден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта көз караштарына орун берилген ЙТБнин төрагасы Эрен 2019 -  жыл үчүн кайрылуулар аяктаган Түркия стипендияларына көрсөткөн чоң кызыгуу үчүн кайрылгандарга рахмат айтты.

Эрен : «Түркия стипендияларына болгон кызыгуу бизди кубантты. Биз да жыл сайын өсүп жаткан бул кызыгуу жана талапка жооп катары стипендия мүмкүнчүлүктөрүбүздү арттырууга жана өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз»,- деди.

Бул жылы талаптардын көп болушу менен кайрылуу мөөнөтүн узартышкандарын эске салган Эрен Түркия стипендияларынын Түркияда жогорку билим берүүнүн эл аралык абалга келишине да маанилүү салым кошкондугун айтып, максаттарынын азыр 17 миң болгон эл аралык стипендиялуу студент санын 2023 -  жылы 25 миңге чыгаруу экендигин баса белгиледи.

Түркия стипендиялары программасынын негизинде жыл сайын орточо 5 миң студентке стипендия берилүүдө.

Бир гана чет элдик жарандар пайдаланган бул стипендияларга жыл сайын белгилүү бир мезгилде интернет аркылуу кайрылуу жасала алат.



Тектеш кабарлар