Эрдоган Кушнерди кабыл алды

Трамптын күйөө баласы Анкарага келди.

1154004
Эрдоган Кушнерди кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптын башкы кеңешчиси, жардамчысы жана күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алды.

Айрым Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сапарынан кийин баш калаа Анкарага келген Кушнерди кабыл алууда, казына жана каржы министри Берат Албайрак да болду.

Ак үйдүн кабыл алууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кушнердин Эрдоган менен жолугушуусунда АКШнын эл аралык сүйлөшүүлөр боюнча атайын өкүлү Жейсон Гринблатт менен Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хуктун да болгону белгиленди.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү темасынын каралгандыгы маалымдалган билдирүүдө, Палестина жана Израилдин ортосундагы маселелердин чечилүүсү үчүн Анкара менен Вашингтондун көрсөткөн аракеттинин сүйлөшүлгөнү сөз кылынды.

Ошондой эле жолугушууда аймактык шарттардын дагы да жакшыртылышы үчүн жасалса боло турган инвестициялардын күн тартибине киргизилгени билдирилди.



Тектеш кабарлар