Венесуэлада өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдонун жасаган билдирүүлөрүнөн уялышы керек

Эрдоган, жеке менчик бир телеканалдын түз эфиринде күн тартип тууралуу маалымат берди.

1153881
Венесуэлада өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдонун жасаган билдирүүлөрүнөн уялышы керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Венесуэлада өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдонун жасаган билдирүүлөрүнөн уялышы керектигин айтты.

Эрдоган, жеке менчик бир телеканалдын түз эфиринде күн тартип тууралуу маалымат берди.

Гуайдонун, ортого таштаган Венесуэланын президенти Николас Мадурого жакын айрым жогорку рангадагы кишилердин Түркияга качканы жөнүндөгү айтымдарына каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Менин өлкөмө Венесуэладан качып келген эч ким жок. Ортобузда соода карым-катнаштарыбыз бар. Ушул алкакта ал жактан жооптуу кызматкерлер келип сүйлөшүүлөрүн өткөрүшөт. Гуайдо Түркияны билбегени үчүн Түркияны уруулардын мамлекети сыяктуу көрүүдө. Айрым нерселерди үйрөнүшү керек. Мамлекеттик ишмер болуу андай оңой иш эмес. Бул процессте айрым нерселерди үйрөнөт го деп ойлойм»,-деп айтты.

Венесуэла темасындагы баа берүүсүндө Мадурону колдоосун кайталаган Эрдоган: «Бул чындыкты көрүш керек. Барынан мурда Мадуро шайланган лидер. Гуайдо шайланган лидер эмес, ал парламент төрагалыгына келген ысым. Тилекке каршы аны ал жакка провинциянын губернатору сыяктуу дайындоо аракеттери жүрүп жатат. Адам уялат. Сен шайлоо менен ал жерге келген жоксуң. Сени бирөө ал жерге дайындап жатат. Сенин айтышың керек болгон нерсе «Мен шайланып келген жокмун, мен бул кызматка ылайык эмесмин» дешиң керек»,деп айтып Гуайдого каршы чыгуусун көрсөттү.

Эрдоган: «Ал жакта ачарчылык, жокчулук бар дешүүдө. Мен кыска мөөнөт мурда ал жакта болчумун. Андай нерсе жок»,-деди.



Тектеш кабарлар