Эрдоган: «Коопсуз аймактын көзөмөлүн эч кимге калтырбайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жеке менчик бир телеканалдын түз эфиринде күн тартип тууралуу маалымат берди.

1153362
Эрдоган: «Коопсуз аймактын көзөмөлүн эч кимге калтырбайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда коопсуз аймактын көзөмөлүн эч кимге калтырбай турганын айтты.

Эрдоган, жеке менчик бир телеканалдын түз эфиринде күн тартип тууралуу маалымат берди.

Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү террористтерге каршы жүргүзгөн күрөшүүсүн коопсуздук маселеси катары карагандарына басым жасаган Эрдоган, айрым чөйрөлөрдүн Түркиянын Сирия чек арасын бойлой уя салган жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК коркунучун көрмөксөнгө салгандарын айтты.

«Коопсуз аймактын көзөмөлүн эч кимге калтырбайбыз»,-деп айткан Эрдоган: «Биз үчүн эң маанилүүсү коопсуз аймактын көзөмөлүнүн Түркияда болушу. Биз муну Францияга да, Германияга да, АКШга да калтырбайбыз. Бүткүл дүйнө учурда мындай маалымат берип жатат; Түркия болбостон Сирия кризисине чечим табылбайт. Муну ар ким айтууда»,-деди.

АКШнын Сириядан чыгуу чечиминин алаксытууга айланбашы керектигин да белгилеген президент Эрдоган: «Бул иш эегерде алаксытууга айланса мамилебиз башкача болот. Алардын аскерлеринин чоң көпчүлүгү чыгат, балким ал жерде символдук түрдө алган маалыматтарыбыз боюнча 300-400 же 200 киши же болбосо коалициялык күчтөр катары 500 кишини калтыруу абалдары болушу мүмкүн»,-деп айтты.

Европа Биримдигин да катуу сынга алган Эрдоган: «ЕБ баарынан мурда тартуучу борбор болуу өзгөчөлүгүн жоготту. Европа тынч эмес. Бул ушундай кете берсе бизди кайда алып барат? Өз жолубузду тандоого алып барышы мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар