Тарыхчы, профессор Кемал Карпат 96 жашында дүйнөдөн кайтты
Тарых тармагында көп сандаган макала жана китеп жазган Карпаттын каза болуу себебинин жашына байланыштуу оорулар экендиги билдирилди.

Тарыхчы, профессор Кемал Карпат АКШнын Висконсин аймагында 96 жашында дүйнөдөн кайтты.
Тарых тармагында көп сандаган макала жана китеп жазган Карпаттын каза болуу себебинин жашына байланыштуу оорулар экендиги билдирилди.
Жогорку билимин Стамбул университетинин юридикалык бөлүмүнөн 1947 - жылы алган Кемал Карпат магистратура программасын Вашингтон университетинин саясий билимдер, доктора программасын болсо Нью – Йорк университетинин саясий жана социалдык билимдерде 1957 - жылы аяктады.
Карпат БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешиндеги милдетин аткаргандан кийин Монтана шататы, Нью – Йорк, Принстон, Билкент, Жакынкы Чыгыш Техникалык, Анкара, Гарвард, Джон Хопкинс, Колумбия университеттери менен Ecole des Hautes Etudes en Science Sociales сыяктуу университеттерде мугалим жана башкаруучулук кызматын аткарды.
Висконсин университетинде Жакынкы Чыгыш тууралуу эмгектер бөлүмүн башкарды. The Turkish Studies Association менен Түрк изилдөөлөр мекемесинин директорлуктарын аткарган Карпат, Орто Азия эмгектери коомунун куруучу башкармалыгынан кийин Висконсин университетинин Орто Азия боюнча эмгектер программасынын да координаторлугун аткарды.