ТАНАПтан Түркияга келген газ 1 миллиард метр кубдан ашты

Илхам Алиев Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу ТАНАП менен Түркияга 1 миллиард метр кубдан ашуун жаратылыш газдын өткөрүлгөндүгүн айтты.

1149233
ТАНАПтан Түркияга келген газ 1 миллиард метр кубдан ашты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу ТАНАП менен Түркияга 1 миллиард метр кубдан ашуун жаратылыш газдын өткөрүлгөндүгүн айтты.

Илхам Алиев Бакуда өткөрүлгөн Түштүк газ Коридору кеңешинин 5 -  министрлер жыйынында  сөз сүйлөдү.

Шахдеңиз 2 Түштүк Кавказ түтүк жолу Транс Анадолу  жаратылыш газ түтүк жолу ТАНАП жана Транс  - Адриатика түтүк жолунан турган Түштүк Газ Коридорунун үчүнчү бөлүгүнүн бүткөрүлгөндүгүн, акыркы бөлүгү болгон ТАПта да иштердин 85 пайызынын бүткөрүлгөндүгүн айткан Алиев долбоордун группанын иш алып барышы менен ийгиликтүү болгондугун айтты.

Алиев өткөн жылы Азербайжанда Түштүк газ Коридорунун Түркияда  ТАНАПтын ачылышын ишке ашырышкандарын эске салып : «Долбоордун турмушка ашырылышынан кубанычтуубуз. ТАНАП менен 1 миллиард метр кубдан ашуун жаратылыш газ Түркияга өткөрүлдү. ТАП долбоору да келерки жылы бүтөт»,- деди. Азербайжан жаратылыш газынын Европа энергетика базары үчүн жаңы булак экендигине көңүлдөрдү бурган Алиев Түштүк Газ Коридорунун ошол эле учурда энергетика коопсуздугу долбоору экендигине көңүлдөрдү бурду. Алиев энергетика коопсуздугу болбостон улуттук коопсуздуктун түзүлүшүнүн кыйын экендигин белгиледи.

Азербайжан экспорттогон жаратылыш газдын чоң бөлүгүнүн Шах деңизден чыгарылгандыгын белгилеген Алиев : «Азербайжандын 2, 3 триллион метр куб аныкталган жаратылыш газ запасы бар. Бирок башка жерлерде изилдөө жүргүзүлүүдө. Абшерон Үмид жана Бабектин кенен потенциалы болушу мүмкүн»,- деди.

Алиев энергетика долбоорлорунун башка тармактардагы кызматташууларга да салым кошкондугун белгилеп, нефть жана жаратылыш газдан алынган  кирешелерди кошумча киреше киргизе турган долбоорлорго жумшашарын айтты.

Европа Бирмдиги, АКШ, Грузия, Болгария, Италия, Черногория, Албания, Хорватия, Греция, Сербия, Сан Марино, Румыния,  Түркмөнстан, Босния Герцеговина жана Венгриядан жетекчилер катышкан жыйынга Түркиядан энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез катышты.



Тектеш кабарлар