Эрдоган: «Жаңы көч толкуну болгон учурунда эми биз муну өзүбүз жалгыз көтөрө албайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдагы Чыраган сарайында өткөрүлгөн Будапешт процессинин 6-Министрлер конференциясында сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Жаңы көч толкуну болгон учурунда эми биз муну өзүбүз жалгыз көтөрө албайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Жаңы көч толкуну болгон учурунда эми биз муну өзүбүз жалгыз көтөрө албайбыз»,-деди.

Эрдоган, Стамбулдагы Чыраган сарайында өткөрүлгөн Будапешт процессинин 6-Министрлер конференциясында сөз сүйлөдү.

Дүйнөдө 260 миллионго жакын баш калкалоочу, 68 миллиондон ашуун жерлеринен ажыраган кишилер жана 25 миллиондон ашуун качкын бар экенин белгилеген президент Эрдоган: «Дагы бийик дубалдарды куруунун, дагы көп тикенектүү зым тартуунун тартипсиз көчтүн алдын алыш үчүн чечүүчү жол болбогону ачык белгилүү»,-деп айтты.

Президен Эрдоган: «Палестиналык качкындарга берилген жардамдарды токтотуу, аларды жакырчылык жана жокчулук менен тарбиялоого аракет кылуу адамзатка жарашпаган жосун»,-деди.

Укук бузуулар жана кагылышуулар уланган сайын, бай менен кедейдин ортосундагы айырма кеңейген сайын, мигранттардын ар дайым жаңы жолдорго багыт ала тургандарын белгилеген Эрдоган: «Баш калкалоочулар үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүбүз менен каржылаган сан, БУУнун критерийлерине караганда учурда 37 миллиард доллардан ашты»,деген маалыматты берди.

Сөзүндө жалган армян геноциди дооматтарын да сынга алган Эрдоган: «Дүйнөдө учурда, өзгөчө Батышта жалган «Армян геноциди» аталышы менен айрым пропогандалар жасалууда. Биз аларга; бул тарыхчылардын иши дейбиз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Өмүр бою, тарыхыбыз бою, бул улут эч качан эч бир этникалык топту тукум курут кылган эмес»,-деп кесе айтты.

Президент Эрдоган, жаңы көч толкуну болгон учурунда: «Сирия тектүү көч маселесинин жалгыз чечүүчү жолу, качкындарды биздин чек араларыбыздын ичинде кармалышы катары кароо туура эмес. Жаңы көч толкуну болгон учурунда эми биз муну өзүбүз жалгыз көтөрө албайбыз»,деген серебин салды.

Адамдардын бир гана дагы жакшы иш, дагы жогорку жашоо стандарты үчүн эмес, жашоолорун уланта алуу, карындарын тойгуза алуу, балдарына бир сындырым нан таба алуу үчүн көчкөнүн белгилеп, ушул үмүт менен чыгылган жол тартуу көбүнчө балдарынын өлүмү же апаат менен жыйынтыкталганын маалымдаган Эрдоган: «Кризистин алгачкы жылдарында (2011-жылы) күн тартипке алып чыкканым сыяктуу коопсуз аймак формуласы, сириялык качкындардын артка кайтуулары үчүн эң оңой чечүүчү жол болуп эсептелет»,-деди.

Президент, ушундай мезгилде эми Европанын тагдырынын Африканыкынан, Түндүк Американын тагдырынын да Түштүк Американыкынан көз карандысыз боло албай турганына басым жасап, өнүккөн технология жана транспорт мүмкүнчүлүктөрүнүн ар кимди бири-бирине жакындатып жатканда, маселелерге бирдиктүү чечүүчү жол издөөгө да мажбур кылганына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар