Turkish Cargo сүйүшкөндөр күнү үчүн 4 миң тонна гүл ташыды

124 өлкөгө кызмат кылган Turkish Cargo сүйүшкөндөр күнүнөн улам талаптын артышы менен төрт миң тонна гүл ташыды.

1145368
Turkish Cargo сүйүшкөндөр күнү үчүн 4 миң тонна гүл ташыды

 Дүйнөнүн эң ылдам өнүккөн жүк ташуучу учагы наамы менен 124 өлкөгө кызмат кылган Turkish Cargo сүйүшкөндөр күнүнөн улам талаптын артышы менен төрт миң тонна гүл ташыды.

 Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда Turkish Cargo атайын жүк ташуу боюнча бир жаңысын бул жолу атайын күн үчүн ишке ашырды.

Байрак ташыган жүк ташуучу маркасы сүйүшкөндөр күнүндө гүлгө болгон талапка жооп берүү максатында Кениянын борбор шаары Наироби жана Эквадордун борбор шаары Куитодон чыккан чартердик каттамдар менен дүйнөнүн төрт тарабына гүл алып барды.

Turkish Cargo чартердик каттамдары менен бирге Наиробиден Станстед, Нарита, Маастрихт жана Риядга; Куитодон Амстердам, Пекин, Манила, Жакарта жана Тайван болуп дүйнөнүн бир топ жерине жасаган каттамдары менен 2019 -  жылдын 1 -  январынан 10 – февралдын арасында 4 миң тоннага жакын гүл ташыды.

Эл аралык соодада маанилүү бир ролду алган абадан жүк ташуунун маркасы гүл өндүрүүдө маанилүү бир борбор болгон Африка материгинде 36 өлкөгө жана жалпы 54 багытта абадан жүк ташып, Африкада өстүрүлгөн гүлдөрдү дүйнөгө алып барды.

Өткөн жылы 20 миң тонна гүл ташыган Turkish Cargo ар башка ысыктык аралыктарына ээ 43 атайын жүк ташуучу бөлмөсү жана учак ичиндеги ысыктыкты текшерүү контейнерлери менен сапаттуу кызмат берүүнү улантууда.

Turkish Cargo 2018 -  жылы дүйнөдө 300дөн ашуун багытка жетип, 1, 4 миллион тонна жүк ташыды.



Тектеш кабарлар