Тышкы иштер министри Агнес Калламарды кабыл алды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу БУУнун соттон тышкары жана негизсиз өлүм жазалар маселелери боюнча атайын баяндамачысы Агнес Калламарды кабыл алды.

1134604
Тышкы иштер министри  Агнес Калламарды кабыл алды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу журналист Жемал Кашыкчы кылмышын тергөөнүн негизинде Түркияга келген БУУнун соттон тышкары жана негизсиз өлүм жазалар маселелери боюнча атайын баяндамачысы Агнес Калламарды кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин Расмий турак жайындагы жолугушууга Калламар менен Анкарага келген адистер да катышты.

Калламар тергөө процессинде алынган маалыматтар менен тергөөгө байланыштуу сунуштарын БУУнун адам укуктары кеңешинин июнь айындагы отурумунда отчет катары сунуштайт.

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы үйлөнүү үчүн 2 – октябрь күнү барган Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда киши колдуу болгон. Жакынкы Чыгыштын белгилүү журналисттеринен, Американын Washington Post гезитинин жазуучусу Жемал Кашыкчынын Сауд Арабиянын Стамбул  консулдугунда киши колдуу болушу жана андан кийин болгондор, Түркия жана дүйнөлүк коомчулуктун күн тартибиндеги ордун сактап жатат.

Кылмыштан кийинки убакытта Кашыкчынын качан, кайда жана кантип киши колдуу болгондугу тууралуу маалыматтар ортого чыкты бирок сөөгүнүн кайда экендиги азыр да тактала элек.



Тектеш кабарлар