Болгон окуялардын бардыгынын АКШ менен байланышы бар

Мадуро, Түрк медиасына өлкөсүндө болгон абалдар тууралуу маалыматтарды берди.

1134087
Болгон окуялардын бардыгынын АКШ менен байланышы бар

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, өлкөсүндөгү төңкөрүш аракетинен ашып өтө тургандарын айтты.

Мадуро, Түрк медиасына өлкөсүндө болгон абалдар тууралуу маалыматтарды берди.

Венесуэланын атынан, демократия жана эгемендиктеринин атынан тарыхый согуштан өтүп жаткандарын белгилеген Мадуро: «Болгон окуялардын бардыгынын АКШ менен байланышы бар. Бизге кол салышууда жана Венесуэланы өздөрүнүн арткы бакчасы болгонун ойлоп жатышат»,-деди.

Мадуро, Улуттук Парламентинин төрагасы Хуан Гуайдонун өзүнөн өзү президенттик антын бериши мыйзамдарга терс түшкөнүнө басым жасады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын болгон окуялар боюнча өзүнө телефон чалганына токтолгон Мадуро: «Урматтуу Эрдоган баалуулуктарды баалай билген, эр жүрөк адам. Түрк калкынын жана президенти Эрдогандын бизди колдогонуна ишенебиз»,-деп айтты.

Мадуро, өлкөсүндө болгон маселени мыйзамдар жана адилеттик жолу менен ашып өтө тургандарын билдирди.

Айрым Европа өлкөлөрүнүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрбөсө Гуайдону тааный турганы жөнүндөгү билдирүүлөрүнө токтолгон Мадуро, Европанын Венесуэла тууралуу жаңылыштык кылганын айтты.

Өлкөсүндө президенттик шайлоолорун өткөн жылы өткөргөндөрүн жана 65 пайыздык добуш катышы менен шайлоону жеңгенин эске салган Мадуро, Улуттук Парламенттин шайлоолорунун болсо 2020-жылы өтө турганын айтты.

Мадуро, өлкөсүнүн шайлоо системасынын абдан заманбап болгонун жана улуттук байкоочу системасын колдонгондорун түшүндүрдү.

Өлкөсүнүн финансылык жана экономикалык жактан бир топ курчоолорго дуушар болгонуна көңүл бурган Мадуро, үстүбүздөгү жылдын ичинде гиперинфляцияны жеңип чыга тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар