Президент Р. т. Эрдоган Манбиждеги террорист санын билдирди

«Азыркы учурда Манбижде биздеги сандар менен бирге миң ПЙД/ЙПГ террористи бар".

1133019
Президент Р. т. Эрдоган Манбиждеги террорист санын билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган Орусия жана АКШнын ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы ЙПГнин Манбижди бошоторун айткандыгын белгилеп, Манбиждеги ЙПГ мүчөсү террористтердин санын билдирди.

Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен жолугушкандан кийин кечээ Түркияга кайтышында учакта маалымат берип : «Азыркы учурда Манбижде биздеги сандар менен бирге миң ПЙД/ЙПГ террористи бар. Жок дегендер бар бирок биздеги маалыматтарда сан ушул. Шаардын калкынын 85 – 90 пайызы сунни араптардан турат. Ал жердин чыныгы ээлеринин ким экендиги белгилүү. Бүгүн келинген жерде Орусия да АКШ да ПЙД/ЙПГнин Манбижди бошоторун айтып жатышат. Каалообуз да бошотулуп жана Евфраттын чыгышына булар жиберилет»,- деди.

Сирияда Түркиянын бутасында террордук уюмдардын бар экендигин белгилеген президент Эрдоган : «Идлибде, Манбижде Евфраттын чыгышында коопсуздук жана ырааттуулукту түзө ала турган күчүбүз бар. ПЙД/ЙПГ тууралуу позициябыз да ачык. Биз Сириядагы күрт боордошторубуздун коопсуздугуна баарынан дагы көп маани беребиз. Тактап айтканда бул тууралуу террордук уюм ПЙД/ЙПГ менен күрт боордошторубузду бир кароонун эч бир түшүндүрмөсү жок»,- деди.

Президент Эрдогандын күн тартибинде Түркия жана Сириянын ортосунда 1998 -  жылы кол коюлган Адана макулдашуусу да орун алды. Адана макулдашуусунун маанилүү бир кадам экендигин белгилеген президент : «Мунун Түркиянын аймактагы салмагын сездире ала турган маанилүү бир келишим экендигин ойлойм. Түркияны бул жерге ким чакырды дегендерге карата ал макулдашууну алып келүүбүз керек. Астында ата Асаддын колу коюлган. Ал макулдашуу жакшы каралышы керек»,- деди.

Түркия менен Орусиянын ортосунда визасыз саякатка чыгуу туурлуу да сөз сүйлөгөн президент Эрдоган процесстин акыркы баскычка келгендигин белгилеп : «Путиндин кол коюшун күтүп жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар