Эрдоган - Мадуро сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар каралды.
Президент Р. Т. Эрдоган Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Президенттиктин булактарынан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар каралды.
Эки лидер Түркия жана Венесуэланын ортосундагы кызматташтыкты алдыдагы мезгилде да арттыруу менен улантуу чечкиндүүлүгүн баса белгилешти.
Президент Эрдоган Венесуэланын мамлекет башчысы Мадурого 10 - январда боло турган ант берүү аземине чакыруусунан улам рахмат айтты. Программасынын тыгыздыгынан улам бара албай тургандыгын билдирген Эрдоган ант берүү аземине Түркиянын өкүлү катары вице - президент Фуат Октайды милдеттендирерин билдирди. Эрдоган Түркиянын Венесуэланын ырааттуулугу, тынчтыгы жана бейкуттугуна маани бергендигин да баса белгиледи.