Самсунга жакын жерде кеме чөктү

Изилдөө - куткарууда эки кишинин сөөгү табылып, жети киши куткарылды.

1120670
Самсунга жакын жерде кеме чөктү

Самсун губернатору Осман Каймак Самсун жакындарында чөккөн кемеде 13 кишилик экипаждан 6 кишинин каза болгондугун, 7 кишинин да куткарылгандыгын билдирди.

Самсун жакындарында Панама желектүү кеменин чөккөндүгүнө байланыштуу белгинин берилиши менен Жээк коопсуздук комадирлиги тарабынан бир паром жана бир тик учар менен  изилдөө – куткаруу иштери башталган.

Изилдөө – куткаруу иштеринде биринчи болуп экипаждан экөөсүнүн жансыз денеси табылды, жетөөсүнүн куткарылгандыгы билдирилген.

Самсун губернатору Осман Каймак андан кийин берген маалыматында чөккөн кемеде алты кишинин каза болгондугун, жети кишинин да куткарылгандыгын билдирди. Куткарылган экипаж түрдүү ооруканаларда дарыланууга алынды.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар