АКШ делегациясы Түркияга келди

Түркия бүгүн АКШдан маанилүү конокторду тосуп алат.

1120680
АКШ делегациясы  Түркияга келди

 

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон жана коштоосундагы АКШ делегациясы түрк жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн борбор шаар Анкарага келди.

Израилдеги жолугушууларынан кийин Түркияга келген Америка делегациясында АКШнын башкы штабынын төрагасы Жосеф Данфорд менен кызматынан өткөн айда кеткен Бретт Макгуркдун ордуна Глобалдык коалициянын атайын өкүлү катары дайындалган Жеймс Жеффри да бар.

АКШ делегациясынын түрк жетекчилер менен өткөрө турган сүйлөшүүлөрдө башта Манбиж жана Сириянын башка аймактары да болуу менен Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ менен жикчил террордук уюм ПКК менен күрөш, Патриот коргоо системалары жана экономикалык карым  - катнаштардын каралышы күтүлүүдө.

Делегациянын эртең Түркиядан кетиши пландалууда.



Тектеш кабарлар