Улуттук сарайларды 2018 - жылы 1 миллион 430 миң киши кыдырды

Улуттук сарайларды башкаруу төргалыгына караштуу тарыхый сарайлар 2018 – жылы жергиликтүү жана чет элдик туристтер абдан чоң кызыгуу көрдү.

1116664
Улуттук сарайларды 2018 -  жылы 1 миллион 430 миң киши кыдырды

Улуттук сарайларды башкаруу төргалыгына караштуу тарыхый сарайлар 2018 – жылы жергиликтүү жана чет элдик туристтерден абдан чоң кызыгуу көрдү.

Улуттук сарайлар башкармалыгынан берилген маалыматка караганда 2017 -  жылы 1 миллион 100 миң  болгон жергиликтүү жана чет элдик турист саны 2018 -  жылы 1 миллион 430 миң кишиге жетти.

Тизменин башында 998  миң турист менен Стамбул Долмабахче сарайы орун алып, Бейлербейи сарайы 126 киши менен көптөгөн туристти тосуп алган экинчи жер болду.

Бейлербейи сарайынан кийин  73 миң киши менен Ыхламур сарайы жана 55 миң киши менен Улуттук сарайлар сүрөт музейи келди.

Күчүксу сарайы, Йылдыз Шале сарайы, Маслак сарайы, Флория Ататүрк сарайы, Ялова Ататүрк сарайы жана Бейкоз Межидийе сарайы болсо бул жылы жалпы 178 миң жергиликтүү жана чет элдик туристти тосуп алды.

Улуттук сарайлар башкармалыгынын негизинде кызмат кылган тарыхый жерлердин арасында эң көп чет элдик туристти да Долмабахче сарайы тосуп алды. Өткөн жылы 335 миң чет элдик туристти тосуп алган сарайды бул жылы башка өлкөлөрдөн келген 645 миң турист кыдырды.

Улуттук сарайларда бул кызматтардан жалпы 46 миллион 260 миң түрк лира киреше алынды.



Тектеш кабарлар