Чек арадагы аскердик унаалар жер которо баштады

Ар түрдүү бөлүктөрдөн Хатайга жөнөтүлгөн зооттолгон аскерлерди ташуучу унаалар Хасса-Ислахие автожолун көздөй бет алды.

1108788
Чек арадагы аскердик унаалар жер которо баштады

Сирия чек арасындагы бөлүктөргө кошумча максаты менен бир топ мурда Хатайга өткөрүлгөн аскердик унаалар Газиантепти көздөй бет алды.

Ар түрдүү бөлүктөрдөн Хатайга жөнөтүлгөн зооттолгон аскерлерди ташуучу унаалар Хасса-Ислахие автожолун көздөй баратат.

Аскердик унаалардын коопсуз түрдө Газиантеп багытын көздөй баратканы көрүндү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өткөн аптада Сириядагы Евфрат дарыясынын чыгыш жагындагы жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК буталарына карай операция жүргүзө тургандарын билдирген.



Тектеш кабарлар