Түркия 2013 - жылдан бери 26, 5 миллион кишиге е - виза берди
2013 - жыл 17 - апрелден бери 29, 8 миллион кайрылуудан 26 миллион 487 миңине е - виза берилди.
Чек ара капкалары жана аэропорттордогу кезекке турууларга тоскоол болуу үчүн турмушка ашырылган электрондук виза үчүн кайрылуу системасы иштей баштаган 2013 - жыл 17 - апрелден бери 29, 8 миллион кайрылуудан 26 миллион 487 миңине е - виза берилди.
Түркия система ишке кирген күндөн бери е - визадан 605 миллион 251 миң 887 доллар киреше алды.
Бул убакыттын ичинде кызматтан эң көп пайдаланган өлкөлөрдүн арасында 7 миллион 423 миң 658 менен Британия биринчи орунда, 3 миллион 329 миң 481 менен Ирак экинчи жана 2 миллион 664 миң 881 менен Голландия үчүнчү орунду алды. Башка өлкөлөр болсо кезеги менен Польша, Бельгия, Сауд Арабия, Кытай, АКШ, Норвегия жана Австрия болду.
106 өлкөнүн жарандары пайдалана алган е - виза кайрылуулары жасалган 9 тилде (түркчө, арапча, немисче, англисче, испанча, французча, голланд, полякча жана кытайча) кызмат кылган www.evisa.gov.tr интернет сайты аркылуу орточо 3 минутада е - виза алууга болот.