Бинали Йылдырымдын Кытайга сапары

Кытай жана Түркиянын Азиянын чыгыш жана батыш учунда орун алган эки маанилүү өлкө экенин айткан Йылдырым, аралык алыс болсо дагы эки өлкөнүн түптүү тарыхкка ээ болгонун эске салды.

1101495
Бинали Йылдырымдын Кытайга сапары

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, Кытай менен карым-катнаштарынын жыл өткөн сайын өнүккөнүн айтты.

Кытайдагы жолугушууларынын алкагында Шэньси провинциясынын Сиань шаарына барган Йылдырым, шаардагы Hyatt Regency мейманканасында Шэньси провинциясынын элдик конгрессинин туруктуу комитетинин башчысы (провинциялык кеңештин башчысы) Ху Хыпингди кабыл алды.

Кытай жана Түркиянын Азиянын чыгыш жана батыш учунда орун алган эки маанилүү өлкө экенин айткан Йылдырым, аралык алыс болсо дагы эки өлкөнүн түптүү тарыхкка ээ болгонун эске салды.

Бинали Йылдырым, президент Режеп Таййип Эрдоган жана Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин Аргентинада болгон Чоң-жыйырмалыктын саммитинде жолугуп маанилүү чечимдерди чыгаргандарын белгилеп, «Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар жыл өткөн сайын өнүгүүдө»,-деди.

«Тарыхый Жибек жолунун кайрадан жандануусун максаттаган «Бир алкак-бир жол» долбоору менен бул багытты кайрадан темир жолдору менен жабдыш үчүн Кытай-Түркия катары кызматташуусун улантуусун каалоодобуз»,-деп айткан Йылдырым, Кытай Түркиянын Ыраакы Чыгыштагы эң чоң соода өнөктөшү болгонун жана эки тараптуу соода көлөмүнүн артышын каалагандарына басым жасады.

Йылдырым, эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүнүн алкагында туризмдин да жандандырыла турганына көңүл буруп, «Сиань менен Стамбулдун арасында каттамдар баштатыла алат. Түрк аба жолдору бул жерге каттам баштоого даяр»,-деди.

Йылдырым, ошол эле күнү шаардагы 13 кылымдык Сиань Улуу мечити (Хуа Шан Чинчинин), 22 кылымдык Топрак аскерлеринин (Bingmayong) орун алган музейге барып, шаардын тарыхый чептерин иликтеп чыкты.

Кытай сапарын дүйшөмбү күнү баштаган ТУУЖдун төрагасы Бинали Йылдырым, Кытайдын элдик конгрессинин туруктуу комитетинин төрагасы (Парламент төрагасы) Ли Жаншу жана кечээ болсо Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян менен жолуккан болчу.



Тектеш кабарлар