Маадният жана туризм министри Мехмет Эрсой Кытайда кесиптеши менен жолугушту

Жолугушууда Кытайда курулушу үчүн мыйзамдуу процесси аяктаган Юнус Эмре Институту тууралуу  таштала турган кадамдар каралды.

1097342
Маадният жана туризм министри Мехмет Эрсой Кытайда кесиптеши менен жолугушту

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Кытайдагы жолугушууларынын негизинде борбор шаар Пекинде кытайлык кесиптеши Луо Шуганг менен жолугушту.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушууда Кытай жана Түркиянын туризм тармагында кызматташууну арттырууга карата темалар менен бирге Түркияга келген кытайлык турист санынын арттырылышына карата долбоорлор каралды. Жолугушууда өзгөчө эки өлкөнүн ортосунда маданий тармактагы кызматташуунун алкагында Кытайда курулушу үчүн мыйзамдуу процесси аяктаган Юнус Эмре Институту тууралуу  таштала турган кадамдар каралды.

Министр Эрсой бүгүн өзгөчө «2018  Кытайда Түркия туризм жылынын» жабылуу концертине катышат.



Тектеш кабарлар