Сирияда кандайдыр бир болоору болду деген нерсе көрмөксөнгө салынбайт

Улуттук коопсуздук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

1096155
Сирияда кандайдыр бир болоору болду деген нерсе көрмөксөнгө салынбайт

Улуттук коопсуздук кеңешинен Сирияда кандайдыр бир болоору болду деген нерсе көрмөксөнгө салынбай турганы боюнча билдирүү тарады.

Улуттук коопсуздук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Жыйналыштан кийинки жазуу түрүндөгү билдирүүдө, айрым өлкөлөрдүн проект террордук уюмдар ФЕТӨ/ПДЙ (Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүм) менен ПКК/КЖКнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГны террордук уюм катары карабоосунун терроризм менен күрөшүүгө зыян тийгизгени белгиленди.

Анда, Сирия жана Иракта уя салган террордук уюмдардын турушунан келип чыккан, Түркиянын түштүк чек арасына багытталган коркунучтарга каршы атуулдардын жан жана мүлк коопсуздугун камсыздоо максаты менен күрөшүүнүн үзгүлтүксүз жана чечкиндүүлүк менен улана турганына басым жасалды.

Сириядагы саясий чечүүчү жол табууга эң чоң коркунучтун Евфрат дарыясынын чыгыш жагындагы террористтик түзүмдөн келип чыкканы белгиленген жарыяда, «Сирияда туруктуу чечүүчү жол табылышы максаты менен БУУнун байкоосунда иштей турган  Конституциялык комитетинин тез арада түзүлүп, чечүүчү жол үчүн белгиленген жол картасынын ишке ашырылышынын маанисине токтолуп,бул үчүн тараптарга ылайыктуу жана ылдам кыймыл кылуулары багытында чакырык салынды. Сириядагы кандайдыр бир болоору болду деген нерсе көрмөксөнгө салынбай турганын жана мыйзамдуу коргонуу укугунун колдонула турганына басым жасалды» делди.

Түркиянын улуттук коопсуздугу үчүн коркунуч туудурган ПКК/КЖК террордук уюмдардын Иракта болушуна каршы Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан операциялар улантыла турганынына басым жасалган Улуттук коопсуздук билдирүүсүндө, ПКК/КЖК жана ДЕАШ менен катар бардык террордук уюмдарга каршы Түркиянын Ирак калкын жана өкмөтүн колдой турганы дагы бир жолу баса белгиленди.

Анда, жыйналышта Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТРнын) укук жана кызыкчылыктарына терс түшкөн эч бир  долбоорго уруксат берилбей турганынын тастыкталганы да маалымдалды.



Тектеш кабарлар